Royal
SerepTV Logo

Бишкекте аялды балдары менен өлтүрүүгө шектүүнүн УКМКнын мурдагы кызматкери экени айтылууда

Бишкекте аялды балдары менен өлтүрүүгө шектүүнүн УКМКнын мурдагы кызматкери экени айтылууда

Бишкектеги 5-кичи райондо апасын уулу жана кызы менен өлтүрүүгө шектелип кармалган адамдын УКМКнын мурдагы кызматкери экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мурда УКМКнын 9-кызматында иштеген.

  • 16-февралда Бишкекте 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. ИИМден бүгүн, 17-февралда кылмышка шектүү кармалганын билдиришти. Бишкек шаарынын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилген.