Royal
SerepTV Logo

Бишкекте аял өз үйүндө капчыгын, бриллиант шакегин жана акчасын уурдаткан. Шектүү кармалды

Бишкекте аял өз үйүндө капчыгын, бриллиант шакегин жана акчасын уурдаткан. Шектүү кармалды
Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 26-январда милицияга аял киши кайрылып, баласы менен тарбиячы болуп иштеп, 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын март айына чейин анын батирине эркин кирип, 600 долларлык капчыгын, 18 миң рубль акчасын жана 18 караттык бриллиант шакекти уурдап кеткен. Ошентип жалпысынан 2 миң 100 доллар зыян келтирилген.  Аталган факты каттоого алынган. Кылмышка шектүү катары аял киши кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.