Abank
SerepTV Logo

Бишкекте аял короодо ойноп жүргөн баласын уурдатып жиберген. Шектүү кармалды

Бишкекте аял короодо ойноп жүргөн баласын уурдатып жиберген. Шектүү кармалды
Кайгуул кызматкерлери адам урдоого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, 28-сентябрда саат 21:20 чамасында "102" кызматына бала уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда 1980-жылы туулган аял короодо ойноп жүргөн баласын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин кабарлаган. Кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган аялды кармашып, Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.