Royal
SerepTV Logo

Бишкекте "Аманат" кооперативинин жетекчилеринин бири кармалды

Бишкекте "Аманат" кооперативинин жетекчилеринин бири кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 22-сентябрда милицияга жаран кайрылып, "Аманат" кооперативинин жетекчилеринин бирине чара көрүүнү суранган. Экөө 4-январда келишим түзүп, унаа алууга 216 миң сом бергенин айткан. Ал акчаны алып, убадасына турган эмес. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.