Royal
SerepTV Logo

Бишкекте "акчаны көбөйтүп берем" деген аялга ишенген жаран 4,5 миң долларын берген. Шектүү кармалды

Бишкекте "акчаны көбөйтүп берем" деген аялга ишенген жаран 4,5 миң долларын берген. Шектүү кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 20-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, 31-августта анын ишенимине кирип, "акчаны көбөйтүп берем" деп 4,5 миң долларын алып, из жашырган аялга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1980-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.