Royal
SerepTV Logo

Бишкекте 66 жаштагы жаранды унаа сүзүп кеткен

Бишкекте 66 жаштагы жаранды унаа сүзүп кеткен
Бишкекте унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 6-декабрда саат 18:00 чамасында катталган. Айдоочу Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен Ажыбек Баатыр көчөсүндө бара жатып, Жунусалиев көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган жөө жүргүнчү жабыркап, 5-шаардык ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.