Royal
SerepTV Logo

Бишкекте 20 жаштагы кызды никеге турууга мажбурлаган деген жаран кармалды

Бишкекте 20 жаштагы кызды никеге турууга мажбурлаган деген жаран кармалды
Милиция тарабынан кызды мажбурлап никеге тургузууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 7-сентябрда милицияга 2002-жылы туулган кыз кайрылып, июнь айынан бери никеге турууга мажбурлап жаткан жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында 1996-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.