Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 20 жаштагы жигит үйгө уурулукка кирүүгө шектелип жатат

Бишкекте 20 жаштагы жигит үйгө уурулукка кирүүгө шектелип жатат
Бишкекте уурулукка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 31-июлда милицияга аял киши кайрылып, Арча-Бешиктеги үйүнөн эки телефонун уурдаган жаранга чара көрүүнү суранган. Чыгым 45 миң сомду түзгөн. Кылмышка шектелип, 20 жаштагы жигит кармалган. Тергөө уланууда. Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.