Бишкекте 2 шектүүнүн кеңсени тоноп жатканы камерага түшүп калган
Бишкекте уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-мартта Ленин РИИБге жаран кайрылып, ошол эле түнү саат 01:25 чамасында Токтогул көчөсүндө жайгашкан кеңсеге уурулукка кирип, сейфтеги 600 миң сомду, 46 миң сом турган эки спорттук бут кийимди уурдаган жарандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2001 жана 2009-жылы туулган шектүүлөр кармалып, камакка алынган. 14 жаштагы өспүрүм эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Эки шектүүнүн дагы ушундай 10 фактыга тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө уланууда.