Бишкекте 2 окуучуну троллейбус сүзүп кеткен видео жарыяланды
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окурмандар кечээ, 12-апрелде саат 11:30-12:00 чамасында Карл Маркс менен Кусейин Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган жол кырсыктын видеосун бөлүштү.
Видеодон көргөндөй, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн троллейбус эки окуучуну сүзүп кеткенин көрүүгө болот. "Жол чырак жок. Биринчи жолу эмес, канча балдарды унаа коюп кетти. Жол чырак коюп берүүсүн талап кылабыз", - дешти видеонун авторлору.