SerepTV Logo

Бишкекте 2 адамды топурак басып калган. Бирөөсү ошол жерде көз жумду

Бишкекте 2 адамды топурак басып калган. Бирөөсү ошол жерде көз жумду
Кечээ, 8-апрель күнү Бишкектин Ленин районундагы Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак басып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Ошол жерден 1992-жылы туулган жаран каза таап, анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган экинчи жаран Тез жардам кызматына өткөрүлгөн.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="173704,173705,173706"]