Royal
SerepTV Logo

Бишкекте 15 жаштагы кыз кароо мунарасынан боюн таштоого аракет кылды (видео)

Бишкекте 15 жаштагы кыз кароо мунарасынан боюн таштоого аракет кылды (видео)

Бишкекте 15 жаштагы кыз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкек шаарына караштуу Алыкулов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдун кароо мунарасынан 15 жаштагы кыз секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар кызды аман-эсен түшүрүп, медициналык жардам көрсөтүшкөн. Учурда аталган жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө.