Royal
SerepTV Logo

Бишкек-Ош жолунда 6 адамдын көз жумушу. Дагы 1 адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда 6 адамдын көз жумушу. Дагы 1 адам каза болду
Кечээ, 13-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыктын кесепетинен дагы 1 адам каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган жолдун 210-чакырымында Mercedes-Benz менен Toyota Estima сүзүшкөн. Mercedes-Benz унаасынын ичиндеги 3 жүргүнчү, Toyota Estima унаасындагы 4 жүргүнчү көз жумган. Буга чейин кырсыктан 6 адам каза болгону маалымдалган.