Abank
SerepTV Logo

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди. Кырсык кечээ, 3-сентябрда саат 22:00 чамасында катталган. БМВ 325 үлгүсүндөгү унаа Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасына карама-каршы тилкеге чыгып, аны сүзүп, кийин Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен каза болгон адамдар: 1) 1986-жылы туулган К.С.З., БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу; 2) 1994-жылы туулган А.А.А., Мазда демио үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу; 3) 2002-жылы туулган К.З.Т., БМВ үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү; 4) 2017-жылы туулган Ж.А.Э., БМВ үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү; 5) 1951-жылы туулган К. Х.М., БМВ үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү; Жол кырсыктын кесепетинен жаракат алган адамдар: 1) 2006-жылы туулган Ш.С.Ш.; 2) 2019-жылы туулган Ж.А.Э.; 3) М.Б.К туулган жылы такталууда. Жаракат алган жүргүнчүлөр Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.