Royal
SerepTV Logo

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда айдоочу 48 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда айдоочу 48 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп, качып кеткен
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 24-чакырымында жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 3-декабрда саат 01:48 чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы эркек киши алган жаракатынан улам каза болгон. Кечээ, 9-декабрда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууга шектелип, Мазда үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу кармалды. Учурда унаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери уланууда.