Royal
SerepTV Logo

Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековду 3 айып боюнча актады

Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековду 3 айып боюнча актады
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибековго карата өкүм чыгарган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук сотунан тастыкташты. Маалыматка караганда, ал күнөөсүз деп табылып, төмөнкү беренелер боюнча кылмыштардын курамы жок болгондуктан акталган:
  • Кылмыш-жаза кодексинин 30-303-беренеси (коррупцияга шериктеш болуу);
  • Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу);
  • Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу).