Баткенде уруулук кылып, из жашырып жүргөн жарандар кармалды
Баткен районунда уруулук кылып, изин жашырып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
6-апрелде арыз менен Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 10-февраль түнү спирт ичимдиктерди, унаага керектелүүчү майларды жана акча каражатын жашыруун түрдө уурдап, изин жашырып кетишкенин билдирген. Натыйжада арыздануучуга 25 620 сом материалдык зыян келтирген.
Бул окуя боюнча Баткен РИИБде тергөө амалдары башталган. Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Баткен шаарынын тургуну, мурда соттолгон жаранды жана Баткен шаарынын 21 жаштагы тургунун кармашкан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="176915,176916"]