Abank
SerepTV Logo

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды
Баткен облусунун милициясы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаранды кармады. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 1957-жылы туулган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.