Royal
SerepTV Logo

Баткенде 2 унаа сүзүшүп, күйүп кеткен жол кырсык. 2 адам каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилди

Баткенде 2 унаа сүзүшүп, күйүп кеткен жол кырсык. 2 адам каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилди
Кечээ, 2-апрелде социалдык тармактарда Баткенде 2 унаа күйүп кеткени тууралуу жазып, сүрөт менен бөлүшүшкөн. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыйымылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсык тууралуу маалымат беришти. "2-апрель күнү саат 15:30 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынан өткөн Ош-Раззаков жолунун 149-чакырымында Тойота-Форранер үлгүсүндөгү унаа Ош багытын көздөй бара жаткан. Тактап айтканда, батыштан чыгышка бара жатып каршы тилекеде келе жаткан Опель Вектра унаасы менен сүзүшүп, 2 унаа тең күйгөн. Опель Вектра унаасынын ичиндеги айдоочу жана жүргүнчү каза болгон жана Тойота-Форранер унаасындагы айдоочу жана жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.