Royal
SerepTV Logo

"Азия Моллдо" табылган граната. Кылмыш иши козголду

"Азия Моллдо" табылган граната. Кылмыш иши козголду
Милиция 11-августта “Азия Молл” соода борборундагы унаа жуучу жайда Тойота Камри унаасынын астынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылганын билдирген. Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында табылган затка экспертиза дайындалган. Ленин РИИБден билдиришкендей, табылган зат жараксыз абалдагы РГД-5 гранатасы экени аныкталган. Аны сыноо учурунда граната жарылган эмес. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө уланууда. Буга чейин жеке ишкер Илгиз Шаменов журналисттерге унаасынын астынан граната табылганын билдирген.