Royal
SerepTV Logo

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров камакта калтырылды

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасын узартты.

Маалыматка караганда, Руслан Бекназаров 12-декабрга чейин камакта болот. 

  • Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында сурак кылуу максатында ИИМдин Тергөө кызматына Экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран камсыз кылынган. Учурда жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.