Abank
SerepTV Logo

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров камакка алынды

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров камакка алынды
Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча тергөө амалдары уланууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында сурак кылуу максатында ИИМдин Тергөө кызматына Экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран камсыз кылынган. Учурда жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.