Abank
SerepTV Logo

Атасынын унаасын айдап кеткен өспүрүмдүн жол кырсыкка кабылышы. Төртүнчү өспүрүм көз жумду

Атасынын унаасын айдап кеткен өспүрүмдүн жол кырсыкка кабылышы. Төртүнчү өспүрүм көз жумду
Буга чейин ӨКМден Кара-Көл шаарындагы жол кырсыкта эки өспүрүм көз жумганын билдиришкенСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришип, Subaru Outback унаасын 2005-жылы туулган өспүрүм башкарып бара жатканын, унаа анын атасына катталганын, ал рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм көз жумганын билдиришкен. Ошол күнү ооруканада 2006-жылы туулган дагы бир өспүрүм каза болгон. Кечээ, 29-августта дагы бир 2007-жылы туулган өспүрүм көз жумду. Маалыматты журналисттерге шаардык ооруканадан тастыкташты.