"Артында уулу калды". Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун кызматкери көз жумду
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 5 адам каза болгонун билдиришти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги 1992-жылы туулган жарандын кесиптеши менен байланышканыбызда, анын артында уулу калганы маалым болду. "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясында сатып алуу бөлүмүнүн башкы адиси болчу. Үй-бүлөсү бар болчу. Артында уулу калды. Былтыр эле баласына жентек той өткөрүп, кубанып жүргөн эле", - деди ал.