Royal
SerepTV Logo

"Алькони" заводунда чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат

"Алькони" заводунда чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат
ӨКМ "Алькони" заводунда чыккан өрт тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. "Бүгүн, 31-мартта саат 03:10 чамасында Октябрь районунун Исакеев көчөсүндө “Алькони” заводунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, штаб, суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам кызматы тартылган. Учурда өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө. Өрт саат 05:55те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта. Буга чейин окуянын күбөлөрү Туңгучта өрт чыкканын, "Алькони" заводу өрттөнүп жатканын билдиришкен.