Royal
SerepTV Logo

Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен жарандын жансыз денеси табылды
Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен 51 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган эркек киши балык уулоого чыгып, кайтып барган эмес. Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган. Бүгүн, 26-августта издөө иштерин улантууга 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылган.