Royal
SerepTV Logo

Алайда мал издеп кеткен кишинин жансыз денеси кар көчкү алдынан табылды

Алайда мал издеп кеткен кишинин жансыз денеси кар көчкү алдынан табылды

Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын тургуну - 59 жаштагы киши мал издеп айылдан 3 чакырым алыстыктагы тоого чыгып, тоодон кар көчкү басып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге издөө иштерине жүргүзүү үчүн Алай райондук №68 ӨКБдан 21 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кар көчкү басып калган кишинин сөөгүн алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.