Abank
SerepTV Logo

"Айдоочулук күбөлүгү болгон эмес". Чүйдө 16 жаштагы кыз унаа менен тоголонуп кетип, 1 адам көз жумду

"Айдоочулук күбөлүгү болгон эмес". Чүйдө 16 жаштагы кыз унаа менен тоголонуп кетип, 1 адам көз жумду
Чүйдө 16 жаштагы кыз Хонда-СРВ унаасы менен кырсыкка кабылып, унаадагы 1 адам каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 11-март күнү саат 16:30 чамасында катталган. 2006-жылы туулган кыз Бишкек - Ала-Арча жолунун 13,500-чакырымында бара жатып рулга ээ боло албай, ала салып тоголонуп кеткен. Милициядан билдиришкендей, кызда айдоочулук күбөлүк болгон эмес. Кырсыктын кесепетинен: 1) айдоочу 2006-жылы туулган А.кызы А. 2) жүргүнчү 2006-жылы туулган С.М.Э. 3) жүргүнчү 2006-жылы туулган Э.А.Э. 4) жүргүнчү 2006-жылы туулган М.А.Т. Бишкек шаарынын 4-ооруканасына жаткырылган. 5) жүргүнчү 2006-жылы туулган З.А.З окуя болгон жерден каза болуп калган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кыз атасынын унаасын сурабай айдап кеткен. Каза болгон 16 жаштагы өспүрүм айдоочунун классташы болгон.