SerepTV Logo

"Айдоочу уктап кеткен". Ысык-Көлдөгү 2 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы айтылды (видео)

"Айдоочу уктап кеткен". Ысык-Көлдөгү 2 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы айтылды (видео)
3-август күнү саат 07:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк менен Тору-Айгыр айылынын ортосунан жол кырсыгы катталган. 2 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча ЖКККББ төмөнкүдөй маалымат берди. - Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 18-чакырымында 1983-жылы туулган Т.Т. башкаруусундагы мицубиси автоунаасы күн чыгышты карай бара жатып, каршы тилкеге чыгып, Бишкек шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Т.А. башкаруусундагы 18 жүргүнчүсү бар Мерседес-Бенц спринтер автоунаасы менен сүзүшүп кеткен. Мицубиси автоунаасынын айдоочусу “Коопсуз шаар” камераларынын маалыматына ылайык, 2-август күнү саат 16:00дө Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кетип, ал эми 3-август түнү саат 02:20да Бишкек шаарына келген. Кайра эки сааттан кийин, саат 04:42де Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен өтүп, Ысык-Көл облусуна багыт алган. Эртең мененки саат 07:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк менен Тору-Айгыр айылынын ортосунан уктап кетип, жолдун каршы тилкесине чыгып, жол кырсыгын жасаган", - дейт басма сөз кызматы.