Abank
SerepTV Logo

Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан активист Максат Касенов үй камагына чыкты

Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан активист Максат Касенов үй камагына чыкты
Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан активист Максат Касенов үй камагына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 1 ай үй камагында болот. Кийинки соттук отурум 24-августка белгиленген. 1-октябрда социалдык тармактарда активист Максат Касеновдун достору аны белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу айтып чыгышкан. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берип, анын адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатканын билдирген.