Abank
SerepTV Logo

"Абалдары жакшы дешти". Бишкек-Ош жолунда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыкта жабыркаган 2 жаран ооруканада

"Абалдары жакшы дешти". Бишкек-Ош жолунда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыкта жабыркаган 2 жаран ооруканада
Кечээ, 13-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсык катталып, 7 адам каза болду. Маалыматка караганда, аталган жолдун 210-чакырымында Mercedes-Benz менен Хонда Стрим сүзүшкөн. Mercedes-Benz унаасынын ичиндеги 3 жүргүнчү, Стрим унаасындагы 4 жүргүнчү көз жумган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсыктан 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилгенин билдиришти. "Абалдары жакшы дешти",- деди басма сөз кызматкери.