Royal
SerepTV Logo

"2 миллион сом чыгарып кеткен". Бишкекте уурулукка шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

"2 миллион сом чыгарып кеткен". Бишкекте уурулукка шектелип 20 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте милиция тарабынан уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 17-октябрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 3 жаранга чара көрүүнү суранган. Алардын азык-түлүк дүкөнүндө кассада иштеп, 2022-жылдан бери 2 миллион сом чыгарып кетишкенин айткан. Шектүү катары 2002-жылы туулган кыз кармалып, камакта калтырылды. Учурда дагы эки шектүү изделип жатат.