Royal
SerepTV Logo

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-декабрга чейин камакта болот

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-декабрга чейин камакта болот
Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, узартылды. Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, ал 14-декабрга чейин камакта болот. Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.