Royal
SerepTV Logo

"18 миң долларга алтын сатып берем деген". Бишкекте алдамчылыкка шектелген кыз кармалды

"18 миң долларга алтын сатып берем деген". Бишкекте алдамчылыкка шектелген кыз кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга жаран арыз жызып, эки чала тааныш аял кишилерге чара көрүнүүнү суранган. Анда "Ош базарындагы" "Берекет Гранд" соода борборунда сатып беребиз деп алтындарын алып кетип, кайтарбай койгон жарандарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым, 18 миң 525 долларды түзгөн. Шектүүлөр алтындарды ломбардга коюп, изин жашырышкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 23-майда жаранга издөө жарыяланган. 20-августта 1993-жылы туулган шектүү кармалып, камакка алынган. Кийин соттун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылды.