Royal
SerepTV Logo

"10 килограмм Ооган тектүү гашиш табылган". Эл аралык баңги тобунун мүчөсү кармалды

"10 килограмм Ооган тектүү гашиш табылган". Эл аралык баңги тобунун мүчөсү кармалды
Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан Кыргызстандын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 килограмм Ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңгизатын Талас облусунун Казакстан Республикасы менен чектеш аймагынан Казакстан Республикасынын жараны, Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-августта “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.