Royal
SerepTV Logo

"1 килограммы 100 доллар". Металл сымапты сатып жаткандар кармалды

"1 килограммы 100 доллар". Металл сымапты сатып жаткандар кармалды
Жалпы салмагы 200 килограмм болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 292-берененин 2-бөлүгү (күчтүү же уулуу заттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш ишинин алкагында, 24-сентябрда жалпы салмагы 200 килограмм металл сымапты 1 килограммды 100 долларга мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1965, 1981 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалган. Учурда өтө эффективдүү уулуу затты уурдоо, ташуу жана сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.