Royal
SerepTV Logo

"1 жана 14 жаштагы кыздар да бар". Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам көз жумду

"1 жана 14 жаштагы кыздар да бар". Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам көз жумду
Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 5 адам көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден билдиришти. 11-сентябрь күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында Фольксваген Пассат, Хонда Аккорд жана Субару үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон. Алар: (3 эркек киши) - 1980-жылы туулган К.Б., - 1994-жылы туулган М.А., - 1992-жылы туулган Д.Ч. 2 кыз: - 2008-жылы туулган  Д. С., - 2021-жылы туулган К.Н. 4 адам жабыркаган. Алар: - 1986-жылы туулган О.Р., - 1992-жылы туулган Б.у.К., - 1983-жылы туулган К.Т., - 2017-жылы туулган К.А. Жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Түп райондук ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.