Abank
SerepTV Logo

Тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөрөм деген жарандык активист суракка чакырылганы маалымдалды

Тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөрөм деген жарандык активист суракка чакырылганы маалымдалды
Буга чейин Бишкекте 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы акция өтө турганын «БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал жарандык активист Афтандил Жоробеков билдирген. Кечээ, 1-декабрда ал репетиция катары авто унаалардын коштоосунда жүрүш болорун маалымдаган. Ал  эртең, 3-декабрда Түштүк магистралдан тартып Совет көчөсүн бойлой "Ала-Тоо" аянтына чейин уланмак. Бүгүн, 2-декабрда Афтандил Жоробеков Октябрь райондук милициясына сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди. Ошол эле учурда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров соцтармактагы баракчасына Афтандил Жоробековдун учурда сурак берип жатканын жазды.