Abank
SerepTV Logo

Садыр Жапаров мыкты бомбардир болду. Бишкекте «Мурас» мелдеши аяктады (сүрөт)

Садыр Жапаров мыкты бомбардир болду. Бишкекте «Мурас» мелдеши аяктады (сүрөт)

Бүгүн, 9-декабрь күнү борбор калаанын «Газпром» спорт комплексинде «Мурас» мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында - 3-орун үчүн беттеште «Достук» «Спорт жылдыздары» командасын 8:2 эсеби менен жеңип чыкты.

Финалдык оюнда «Президенттин командасы» «Ден-соолук» менен кез келип, 2:1 эсеби менен утту.

«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:

?1-орун - «Президенттин командасы»

?2-орун - «Ден-соолук»

?3-орун - «Достук»

?4 орун - «Спорт жылдыздары»

Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:

✔️ Мыкты оюнчу - Нурлан Турусбеков («Ден-соолук»)

✔️ Бомбардир - Садыр Жапаров («Президенттин командасы», 13 гол)

✔️ Мыкты дарбазачы - Учкун Байсубанов («Билим»)

Турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түзүп, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="218167,218168,218169,218170"]