"Президенттик аппараттын кызматкерлери Нью-Йоркто шопинг кылып жүрөт" деген билдирүү жазылып, жарыяланган сүрөт талкууга түштү
Соцтармакта "президенттик аппараттын кызматкерлери Нью-Йоркто шопинг кылып жүрөт" деген билдирүү менен коштолуп жарыяланган сүрөт талкууга түшкөн.
Буга байланыштуу мамлекет башчысынын жардамчысы Эрнис Ашырбаев Нью-Йоркко жеке иштери менен барганын жазды. Президенттин маалымат катчысы да сүрөттө Эрнис Ашырбаевден башкасы президенттик аппаратта иштебей турганын кошумчалады.
