Abank
SerepTV Logo

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 4 күмүш, 13 коло медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 4 күмүш, 13 коло медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.
Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты. Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда катышып, үч окуучу жекече катышты.
Математика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
?1. Киргизбаев Назар, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
?2. Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
?3. Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.
Тренерлери - Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.
Физика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
?1. Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
?2. Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.
?3. Аскар Абдиев, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;
?4. Анаралы уулу Эмир, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс – коло медаль.
Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.
?5. Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.
Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.
Информатика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
?1. Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
?2. Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
?3. Исхак Тажибаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;
?4. Садирбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
?5. Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;
?6. Алманов Кутбол, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
?7. Джамалов Тенгиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
?8. Майрамбеков Байторо, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль.
Тренерлери – Урайымов Кылычбек, Талант Арстанов, Манас Саматов, Мирбек Бакиров, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов.
?9. Талыпов Эмиль, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 11-класс – коло медаль.
Тренери – Осмонов Медербек.
Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команда 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.