"Кемпир-Абадды бербегиле". Өзгөндөгү жыйындан президенттин чыгып бара жатканы тартылган видео тарады
Кечээ, 4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын өттү. Жыйынга райондук администрациянын алдына чогулган жарандар, президент, депутаттар катышышты.
Жергиликтүү тургундар жыйын учурунда жаңжал чыкканын айтышса, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы жыйынга даярдалган жарандар киргенин билдиришти.
Социалдык тармактарда жыйындан президенттин чыгып бара жатканы тартылган видео тарады. Анда тизилген жарандардын "Кемпир-Абадды бербегиле", "Элге ачыгын айткыла да" дегендерин угууга болот.