Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирине Камчыбек Ташиевдин атасынын аты коюлду
Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-ноябрь күнү өз каражатынан Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районунда асфальт төшөлгөн ички жолду пайдаланууга берди. Жергиликтүү тургундардын катышуусунда жаңыланган жолдун ачылуу аземи болуп өттү.
Аталган шаар көчөсүнө буга чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин атасы - Кыдырша Ташиевдин ысымы жергиликтүүлөр тарабынан ыйгарылган. Ошондой эле Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу бир чакырым ички жолду дагы өз каражатынан асфальттап, пайдаланууга тапшырды.
"Ушуну менен акыркы 2 күндүн ичинде Камчыбек Ташиев өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен асфальтталган 4 жолду жергиликтүү тургундарга пайдаланууга тапшырды. Алдыда дагы айыл элинин муктаждыктарын чечүү аракеттери улантылмакчы", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="146511,146512,146513"]