Каза болду делинип, бирок сөөгү табылбай, изделип жаткан "Бөрү" жоокери Жамал Тойчиев аман-эсен табылды
Буга чейин каза болду делинип, бирок сөөгү табылбай, изделип жаткан "Бөрү" жоокери Жамал Тойчиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу социалдык тармакта анын досу жазып чыкты.
”3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан досум азыр тирүү табылды”, - деди ал.
Буга чейин Камчыбек Ташиевдин Тажикстандан 4 чек арачыны бошотуп келгени маалым болгон. Алардын бири - Жамал Тойчиев.