"Бала-бакчаларда тамак ата-энелердин эсебинен берилет" деген пунктту жокко чыгаруу демилгеленди
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынын жүргүзүлөт деген пунктту жокко чыгаруу демилгеленди. Бул тууралуу "Мекенчил" депутаттык тобунан билдиришти.
Аталган мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрү кызуу талкуулап, демилгечилерге бир катар сунуш-пикирлерин узатышты.