Abank
SerepTV Logo

Арстан Алай каза болгон абактын жетекчиси: "Сүлгү менен электр чайнегинин шнуруна асынып алган абалда табылды"

Арстан Алай каза болгон абактын жетекчиси: "Сүлгү менен электр чайнегинин шнуруна асынып алган абалда табылды"
Кечээ, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирдиСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирген. Ошондой эле жактоочу акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги үйүндө өтөрүн, сөөгү 7-январда жерге берилерин маалымдады. Арстан Алай каза болгон абактын жетекчиси Кайрат Рымбеков анын сүлгү менен электр чайнегинин шнуруна асынып алганын айтты. "5-январь эртең мененки саат 05:15те болуп жатат. Тактап айтканда, 05:15те асынып алганы маалым болуп жатат. Асынып алган нерселер - сүлгү жана электр чайнегинин шнуру. Өзүнүн оорусуна байланыштуу тиешелүү бөлүмгө жайгаштырганбыз. Жетекчиликтен абактын аймагында чуркоого уруксат сураган. "Тер чыкканда башымдын ооруганы басылып калып жатат" деген. Уруксат берилген", - деди  ал.