Abank
SerepTV Logo

Маданият жана искусство университетинин ректору, Айпери Чотонованын атасы Мамашарип Чотонов дүйнө салды

Маданият жана искусство университетинин ректору, Айпери Чотонованын атасы Мамашарип Чотонов дүйнө салды

Кечээ, 8-декабрда оорудан улам Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович дүйнө салды.

Мамашарип Чотонов 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. 2014-жылдын 15-апрелинен тарта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан. Экономика илимдеринин доктору, профессор болгон.

Маркум Чотонов Мамашарип блогер, актриса Айпери Чотонованын атасы.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин жамааты Мамашарип Чотоновдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.