Royal
SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү 16 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталып, боюна бүтүүсү. Чарчап калган түйүлдүктүн атасы 64 жаштагы айылдашы экендиги тастыкталды

Ысык-Көлдөгү 16 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталып, боюна бүтүүсү. Чарчап калган түйүлдүктүн атасы 64 жаштагы айылдашы экендиги тастыкталды
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 16 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталуусу боюнча 64 жаштагы жаран кылмышка аралашканын тастыкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБиден маалымдашты. "16 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталып, кош бойлуу болуусу, түйүлдүк 5 айлык кезинде өлүк төрөлүшү боюнча кылмышка шектелген 3 жарандан ДНК-экспертиза алынып, корутундусу чыкты. Анын негизинде 1958-жылы туулган Түп районунун тургуну чарчап калган ымыркайдан атасы экендиги аныкталды. Учурда шектүү бир айга камакка алынды. Соттук-психиатриялык экспертизалар өткөрүлгөндөн кийин кылмыш иши сотко өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы. Эске салсак, апрель айында Ысык-Көл облусунун Түп районунда 70 жаштагы киши жашы жете элек майып кызды зордуктаган деп шектелгени маалымдалган. Кийинчерээк түйүлдүк 5 айлык кезинде өспүрүмдүн ден соолугу начарлап, ооруканага түшүп, операция жолу менен чарчап калган ымыркайды төрөтүшкөн.