«Ысык-Көл» аэропортунда Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды
Өзбекстандын «Silk Avia» компаниясы Ысык-Көлгө каттамдарды ачты. Мындан ары Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Бүгүн, 16-июнда Ташкенттен Ысык-Көлгө 50 жүргүнчү учуп келди. Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу убактысы эки саатка созулат. Келечекте алардын санын күн сайын көбөйтүү пландалууда. Июль айынан баштап аталган каттамды күн сайын аткаруу пландалууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="243951,243953,243955,243950,243952,243954"]