Ырчы Айнура Салахидинова: "Атам 1-2 саат уктай турайын деп, уктаган бойдон кете берди"
Ырчы Айнура Салахидинова жыл башында атасынан айрылып, чоң жоготууга дуушар болду. “Атамдын эч жери ооруган жок, күтүлбөгөн жерден каза болду” деген ырчы атасын эскерди.
"Күтүлбөгөн жерден чоң жоготуу болду. Атакем ооручу да эмес, өзүн жакшы карачу. Бул Кудайымдын сыноосу экен. Бизди таштап кетти. Айла жок. Түшүнүксүз болуп калды. Атакем 4 айлык дааватка кетем деп жүргөн. Ошол күнү жолго чыкмак. Бир күн мурун бардык туугандар атамды узатабыз деп барганбыз. 4 ай кантип көрүшпөй калабыз деп, колунан өөп коштошком. Бирок 4 ай эмес, түбөлүк жайга кетип калды. Апаңарды жакшы карагыла, алам дегенин алып бергиле, барам деген жерине алып баргыла, жакшы карагыла деп айткан. Апам айтат багымдат намазын окуп келип жатып, 1-2 саат уктап алайын деп, ошол уктаган боюнча кете берди", - деди ал.
https://youtu.be/ZCQLjkPG9oE